Редакцияот 21.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIII СЕССИЯСЫ

 

2019-жылдын 21-майы №6

Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Сопакуновдун берген арызы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 38-беренесинин 3-бөлүмүнө жана шаардык Кеңештин Регламентинин 31-беренесинин 31.1-бөлүмүнө ылайык жана Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарлык кызматынан бошотуу жөнүндөгү Сопакунов Улан Моңолдоровичтин арызын карап, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарлык кызматынан бошотуу жөнүндөгү У.Сопакуновдун арызы жалпы депутаттардын макулдугу менен канаттандырылсын.

2. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо кийинки сессияда кароо жагы белгиленсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Ботоканов