Редакцияот 21.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXIII СЕССИЯСЫ

 

2019-жылдын 21-майы № 9

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду тарабынан Нарын шаардык мэриясына автоунаасын өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 6-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду тарабынан Нарын шаардык мэриясына автоунаасын өткөрүп алууга макулдук берүү боюнча сунуш катын караган Нарын шаардык Кеңештин алдындагы 3 туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду тарабынан Нарын шаардык мэриясына берилип жаткан автоунаасын өткөрүп алууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шааардык мэриясынын биринчи вице-мэрине тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Ботоканов