Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 5-апрели № 29/1
Кум-Дөбө айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-февралындагы №14/1-токтому менен бекиген Кум-Дөбө айыл аймагынын калкка кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууну жакшыртуу Стратегиясынын иш-аракеттер планына жаңы көйгөйлүү маселелери менен толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу. Жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапаттарын жакшыртуу максатында, Кум-Дөбө айыл аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн Стратегиясы жөнүндө USAIDдин “Ийгиликтүү Аймак” долбоорунун жумушчу комиссиясынын төрагасы Асанбаев Майрамбектин Кум-Дөбө айыл аймагында кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу Стратегиясында жаңы кирген көйгөйлүү маселелер боюнча билдирүүсүн угуп, талкуулап, Кум-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу Стратегиясынын иш-аракеттер планына жаңы көйгөйлүү маселелери менен толуктоолор бекитилсин.
2. Стратегияда көрсөтүлгөн көйгөйлүү маселелерди чечүүгө инвестиция тартуу, бюджеттен акча каражатын караштыруу Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаны Кум-Дөбө айыл өкмөт башчысы Асанбаев Майрамбекке милдеттендирилсин.
Төрага | А. Өмүров |