Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-апрели № 30/2
ЖПБнин 2019-жылга бюджетин бекитүү, алыскы жайлоолорго көчүрүү иштери жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнө караштуу ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу ЖПБнин 2019-жылга каралган бюджетинин киреше бөлүгү 514000 миң сом, чыгашалар бөлүгү 514000 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Малчылар менен түзүлгөн келишимдин негизинде бекитилген расстановка боюнча 25-апрелге чейин толук көчүрүү, алыскы Суусамыр, Соң-Көл, Ак-Бел жайлоолоруна 1-июндан 10-июнга чейин толук көчүрүлүп, кайра күзүндө 1-сентябрь 2019-жылда жакынкы жайыттарга көчүрүлүп, малдар 10-октябрга чейин эгин чабылып бүткөнгө чейин бир да мал таратылбасын.
3. Көрсөтүлгөн жерлерге көчпөй, түзүлгөн келишимди бузса, 193-статьясындагы “Жайыттарды жана чабындыларды пайдалануунун” белгиленген режимин бузуу жөнүндөгү ылайык мал бакка чабандарга 10000 (он миң) сомдон 17500 сом өлчөмүндө айып пул өндүрүү жагы “Бузуулар Кодексин” типтүү Жобосуна бекитилген комиссиянын төрагасы М.Жумалиевге тапшырылсын. Жогорудагы “Бузуулар кодекси” боюнча түзүлгөн комиссиянын актысынын негизинде: Эскертме: Мындан тышкары административдик айып бузуулар боюнча төмөнкүчө дагы иш жүргүзүлсүн: Айыл ичиндеги кой кезүү чыкпасын, эгерде чыкса мал ээлерине мал башына карабай 17500 сом айып пул “Бузуулар Кодексинин” негизинде салынсын.
4. “Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин” жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарынын негизинде, пайдалануучу жайыт участокторунан жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо, кайсы багытка чыгымдала турганы мыйзам чегинде иш алып баруу жагы ЖПБ төрагасы К.Жукешовго жана эсепчиси Н.Керимбековго милдеттендирилсин.
Мал бакка малчы-чабандар 1 башка төмөндөгүдөй баа чектелсин. (элдик жыйындардын токтому менен). Алыскы жана ички жайлоолорго мал б5. агып барган чабандарга;
Ички жайлоого 1 баш бодо-200 (эки жүз ) сом.
1 баш койго- 30 (отуз) сом;
1 баш топозго- 200 (эки жүз) сом;
1 баш тай-торпокко- 300 (үч жүз) сом;
Алыскы жайлоого (Суусамыр жана Соң-Көл, Ак-Бел жайлоолоруна) 1 баш бодого-400 (төрт жүз) сом
1 баш койго 40 (кырк сом) сом;
1 баш топозго- 400 (төрт жүз) сом;
1 баш уй-торпокко 400 (төрт жүз) сом;
6. Жогорудагы уй, торпок, топоз, койлор алыскы жайлоолорго көчүрүү жагы, көзөмөлдүк кылуу ЖПБнын төрагасы, айыл башчылар жана мал догдур К.Нуркалиевдерге милдеттендирилсин.
7. Жайыт салыгы 1 баш кой-эчкиге 10 сом, уй баласына-50 сом, жылкыга 200 сом, топозго -200 сом болуп бекитилип, жайыт салыгын чогултуу жагы салык инспекторлор жана Н.Керимбековго тапшырылсын.
8. ЖПБнин 2019-жылга карата бюджетине түшкөн каражатын, анын чыгымдарын көзөмөлгө алып, мыйзамдын негизинде кайсы багытка кетип жаткандыгы боюнча түшүндүрүлүп, көзөмөлгө алуу жагы ФЭБ башчы, башчы эсепчи Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |