Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-апрели № 30/3
Кум-Дөбө айыл аймагындагы берилген үлүш жер, огород, аренда жерлери жана Кочкор-Ата участогундагы жерлерди тактоо жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновдун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновдун аткарып келген иши “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл кыштактардагы айыл тургундардын менчик огороддорун, Кочкор-Ата участогундагы берилген үлүш жер, өздөштүрүлгөн жерлерди түзүлгөн комиссия менен бирдикте, айыл башчылары, салык инспекторлору менен такталып, ашык огороддордун санын, жерин тактоо, огород салыктарына тартуу жагы тапшырылсын.
3. Айыл тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ашык 0.20 га жерлеринен калганын арыз менен кайрылган тургундарга өзүнүн каалоосу менен берилсин.
4. Огород албаган айыл тургундарга жана жаштарга жазган арыздары боюнча тизмесин тактап, түзүлгөн комиссия менен бирдикте, мыйзам чегинде бөлүнүп берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |