Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-апрели № 30/4
“Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын 2019-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнө караштуу “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын 2019-жылдын бюджетин кабыл алып, бекитүү жөнүндө отчёт маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын 2019-жылга ичүүчү таза сууга, сугат сууга жана таштанды чыгарууга түзгөн иш планы, тариф, бюджеттик киреше жана чыгаша бөлүмдөрү толугу менен кабыл алынып бекитилсин.
2. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Дөбө айылындагы “Кум-Дөбө” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Төлөнбековдун 2018-жылы жаңы уюштурулуп аткарып келген ишине, айтылган сунуштарды эске алуу, айыл тургундары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу, бюджетти түзүү иштерине жардам берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевге тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |