Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-апрели № 30/6
“Бузуулар Кодексинин” негизинде түзүлгөн комиссиянын иш планы жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн “Бузуулар Кодекси” комиссиянын төрагасы М.Жумалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы “Бузуулар Кодекси” иштерин кароо боюнча мурунку комиссиясынын төрагасы К.Нуркалиевдин жазган арызынын негизинде ордуна, комиссиянын төрагасы болуп М.Жумалиев бекитилсин.
2. 2019-жылга “Бузуулар Кодекси” жөнүндө түзүлгөн иш планы бекитилсин.
3. Айыл аймагында “Бузуулар Кодекси” боюнча бекитилген типтүү Жобонун негизинде түзүлгөн комиссия иш алып барышсын жана айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар ай сайын тиешелүү органга маалымат берүү жагы комиссиянын төрагасы М.Жумалиевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы Ө.Ишенгуловго тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |