Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-апрели № 30/7
Кум-Дөбө айылындагы эски бейтапканасын аукцион аркылуу сатуу жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси Н.Осмоновдун Кум-Дөбө айылындагы эски бейтапканасын аукцион аркылуу сатуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айылындагы эски бейтапканасынын 2 корпусу аукцион аркылуу сатылсын.
2. Эски бейтапкананын 2 корпусун сатуу боюнча комиссия курамы түзүлсүн.
3. Кочкор райондук “Эмгек Туу” газетасына жарыяланып, старттык баасы ар бир корпусу 100 000 (жүз миң) сомдон башталып, бир кадам 5000 (беш миң) сомдон бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Н.Осмоновго тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |