Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-апрели № 30/8
Арыз даттанууларды кароо жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Ө.Ишенгуловдун айыл тургундардан келген арыз даттануулары боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл кыштактардын тургундарынан келген арыз-даттануулар мыйзам чегинде өз мөөнөтүндө кабыл алынып, аткарылып, арыз ээсине маалыматтар берилсин.
2. Айыл өкмөтүнөн жөлөк пул алуучулардын тизмеси такталып, түзүлгөн комиссия менен бирдикте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кабыл алуу жагы соц. адис Орозобек к Гүлбарчынга тапшырылсын.
3. Айылдарга туура көчөлөргө шагыл төктүрүү, кичи көпүрөлөрдү койдуруу, көчөлөрдү иретке келтирүү жагы айыл башчылар Н.Акматовго, М.Дүйшөналиевге, М.Жумалиевге, Н.Көчөровдорго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ө.Ишенгуловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Өмүров |