Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-апрели № 30/9
Кум-Дөбө айылындагы жаңы курулган спорт ордосуна ат коюу жөнүндө
Депутаттардын VI- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айылынын жалпы элдик жыйынынын протоколу жана токтому менен тааныштырып, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Дөбө айылындагы аймактарды өнүктүрүү жылына карата жаңы курулуп бүткөн спорт ордосуна Кум-Дөбө айылынын жалпы элдик жыйынынын протоколун, токтомун канааттандырып, Кум-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары М.Арыстанбекова, М.Турдубаевдер сунушу менен Кум-Дөбө айылындагы жаңы бүткөн спорт ордосуна “Мөндүрбаев Калык атындагы спорт ордосу” ысымы берилсин.
2. Жаңы бүткөн спорт ордосунун атын “Мөндүрбаев Калык атындагы спорт ордосу” деп жазылып, тактаны илдирип, орнотуу жагы Кум-Дөбө айылынын тургуну Абдырасаков Бакытбекке тапшырылсын.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышы Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан, Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Кум-Дөбө айыл башчысы М.Жумалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Өмүров |