Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-октябры № 12-5
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга социалдык-экономикалык онүгүү планына киргизилген Тажибай атындагы орто мектебинин жыгач терезелерин пластик терезелерге алмаштырууга түзүлгөн долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планына киргизилген мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Тажибай атындагы орто мектебинин жыгач терезелерин пластик терезелерине алмаштыруу долбоору жана өздүк салымы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын берген маалыматын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Тажибай атындагы орто мектебинин жыгач терезелерин пластик терезелерге алмаштырууга мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоого долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Тажибай атындагы орто мектебинин жыгач терезелерин пластикке алмаштырууга даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2019- жылындагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 343820 (үч жүз кырк үч миң сегиз жүз жыйырма ) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, экономика жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |