Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-октябры № 12-6
Кыргыз-Ата айыл ө кмө түнүн 2018-2022-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген “Жылдызча-Нур” балдар бакчасына кошумча имарат куруу долбооруна жергиликтүү бюджеттен ө здүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл ө кмө түнүн 2018-2022-жылдагы социалдык-экономикалык ө нүгүү стратегиялык планында Кыргыз-Ата айыл ө кмө түндө гү “Жылдызча-Нур” балдар бакчасына кошумча имарат куруу долбоору жана ө здүк салымы боюнча айыл ө кмө түнүн ФЭБ башчысынын берген маалыматын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жө нүндө ” Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл ө кмө түндө гү “Жылдызча-Нур” балдар бакчасына кошумча имарат куруу үчүн мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоого долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл ө кмө түнө милдеттендирилсин.
2. “Жылдызча-Нур” балдар бакчасына кошумча имарат курууга даярдалган долбоорго айыл ө кмө түнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен ө здүк салымга 338778 (үч жүз отуз сегиз миё жети жүз жетимиш сегиз) сом акча каражатын ажыратуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын кө зө мө лдө ө айылдык кенештин бюджет, экономика жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |