Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН XVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ОН ЭКИНЧИ СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 11-майы № 17-12/2
Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине «ПСУПРЖ» проектисинин негизинде келген фронталдык погрузчик техникасын жана Ветеринардык профилактикалык борборун Баш-Кууганды муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө маселени угуп, Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык кенеши XVII чакырылыштагы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине «ПСУПРЖ» проектисинин негизинде келген фронталдык погрузчик техникасы Баш-Кууганды муниципалдык ишканасына келишимдин негизинде өткөрүлүп берилсин.
2. Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетине «ПСУПРЖ» проектисинин негизинде курулган Ветеринардык профилактикалык борбору Баш-Кууганды муниципалдык ишканасына келишимдин негизинде өткөрүлүп берилсин.
3. Мүлктү оперативдик башкаруу келишимдин негизинде Баш-Кууганды муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин. Келишимде көрсөтүлгөн талаптар өз убагында аткарылсын.
4. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.jumgalrma.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылыша көзөмөл кылуу жагы Баш-Кууганды айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы У.Жамгырчиевге милдеттендирилсин.
Төрага | К. Ажыгулов |