Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-октябры № 12-7
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга социалдык-экономикалык онүгүү планына киргизилген Көтөрмө айылында жайгашкан спорт комплекстеги жабык бассейндин имаратын капиталдык ремонттоого түзүлгөн долбоорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планына киргизилген мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Көтөрмө айылында жайгашкан спорт комплекстеги жабык бассейндин имаратын капиталдык ремонттоого түзүлгөн долбоор жана өздүк салым боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын берген маалыматын угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Кыргыз-Ата айылдык кенешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Көтөрмө айылында жайгашкан спорт комплекстеги жабык бассейндин имаратын капиталдык ремонттоону мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоого долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Көтөрмө айылында жайгашкан спорт комплекстеги жабык бассейндин имаратын капиталдык ремонттоого даярдалган долбоорго айыл өкмөттүн 2019- жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 250000 (эки жүз элүү миң ) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, экономика жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |