Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-октябры № 12-8
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга социалдык-экономикалык онүгүү программасына киргизилген К. Каримов атындагы орто мектебинин имаратын ремонттоо долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салымы үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планына Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү К. Каримов атындагы орто мектебинин имаратын ремонттоо долбоору жана өздук салым боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын берген маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз Кыргыз-Ата айылдык кенешини кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү К. Каримов атындагы орто мектебинин имаратынын ремонт иштерин мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоого долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. К. Каримов атындагы орто мектебинин ремонт иштерине даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 300000 (үч жүз миё ) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |