Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-октябры № 12-10
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасына киргизилген Т. Жамалов атындагы балдар музыкалык мектебинин жана маданият үйүнүн имаратын ремонттоо долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиялык планына киргизилген Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Т. Жамалов атындагы балдар музыкалык мектебинин жана маданият үйүнүн имаратын ремонттоо долбооруна айыл өкмөтүнүн өздук салымын кошуу боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын берген маалыматын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктуна негиз, Кыргыз-Ата айылдык кенешини кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Т. Жамалов атындагы балдар музыкалык мектебинин жана маданият үйүнүн имаратын ремонттоо боюнча мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоого долбоор даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Т. Жамалов атындагы балдар музыкалык мектебинин жана маданият үйүнүн имаратын ремонттоо долбооруна айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 300 000 (үч жүз миё ) сом акча каражаты ажыратылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |