Редакцияот 13.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (алтынчы шайланган) он экинчи сессиясы

 

2018-жылдын 13-октябры № 12-12

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө жаштар, маданият, спорт жана туризм маселелери боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө

Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө жаштар, маданият, спорт жана туризм маселелери боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндөгү отчетту угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө жаштар, маданият, спорт жана туризм маселелери боюнча аткарылып жаткан иштер жакшы жүрүп жаткандыгы белгиленсин.

2. Айыл өкмөтүндө жаштар, маданият, спорт жана туризм маселелери боюнча аткарылып жаткан иштерди мындан ары жандандыруу, айыл аймагында маданият, спорт жана туризм маселелери боюнча иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу жана өткөрүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин социалдык иштер, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, миграция, спорт жана туризмди өнүктүрүү тапшырылсын.

 

Төрага

К. Назарбаев