Редакцияот 15.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (алтынчы шайланган) он үчүнчү сессиясы

 

2018-жылдын 15-декабры № 13-1

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маселени Кыргыз Ата айылдык кеёешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктуна, Кыргыз Республикасынын «Бюджет Кодексинин» 102-беренесине ылайык депутаттардын Кыргыз Ата айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджети аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Айыл аймагындагы мекеме-ишканалардын финансалык – экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык-мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К. Назарбаев