Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-ноябры №65/Х111-27
Аймактагы диний абал жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында Нурманбет айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Исакованын “Аймактагы диний абал жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Исакованын “Аймактагы диний абал жөнүндө” маалыматы эске алынсын
2. Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Исаковага:
-Нурманбет айылындагы “Совет ууулу Рамазан” атындагы жана А.Токтоналиев айылындагы жаңы курулган мечиттердин расмий каттоо документтерин каттоодон өткөрүү үчүн мечиттин имамдары менен тыгыз иштер жүргүзүлсүн
-башка айылдардан келген даватчылардын документтерин текшерип туруу жана алардын айылдардагы элдер арасында жүргүзгөн иштерине милициянын аймактык тескөөчүсү тарабынан көзөмөл жүргүзүлсүн
-мечиттердин жамаатарын коомдук иштерге тартуу боюнча иштер жүргүзүлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Андашов |