Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-ноябры №67/Х111-27
Нурманбет айылдык кеңешинин депутаттарынын Этикалык кодексин бекитүү жөнүндө
Нурманбет айылдык кенешинин кезектеги сессиясында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18/89 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин Типтүү этикалык кодексин бекитүү жөнүндө” буйругун аткаруу максатта айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айылдык кеңешинин депутаттарынын Этикалык кодекси бекитилсин
2. Айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Исаковага:
-айылдык кеңештин ар бир депутаты айылдык кеңешинин депутаттарынын Этикалык кодекси менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Андашов |