Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-ноябры № 69/Х111-27
Мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү, колдонуу жана бош калган жерлердин санын азайтуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Б.Артыкбаевдин “Мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү,колдонуу жана бош калган жерлердин санын азайтуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө” маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Б.Артыкбаевдин “Мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү,колдонуу жана бош калган жерлердин санын азайтуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө” маалыматы эске алынсын
2. Айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси Б.Артыкбаевге:
-Мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү жөнүндө жарыя жалпы маалымат каражаттарына берилсин,
-колдонулбай бош калган жерлердин санын азайтуу боюнча алдын ала пландаштырылган алгылыктуу иштер жүргүзүлсүн
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Андашов |