Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-ноябры № 70/Х111-27
Жарактан чыккан мектептин жана балдар бакчасынын терезелерин сатуу жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл аймагындагы А.Молдокулов атындагы орто мектебинин жана “Гүлбалалык” балдар бакчасынын терезелери жаңыртылгандыгына байланыштуу эски терезелерди мектептин,балдар бакчасынын жамаатына бөлүп берүү жөнүндө маселени карап чыгып айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Молдокулов атындагы орто мектебинин жана “Гүлбалалык” балдар бакчасынын эскилиги жетип жарактан чыккан,колдонууга жарабаган терезелери мектептин мугалимдер жана балдар бакчасынын жамаатына ар бирине бирден терезе бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө:
-жарактуу терезелерди баалап сатуу боюнча атайын көз карандысыз баалочунун бекиткен баасынын негизинде сатыкка коюлсун
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ш. Андашов |