Загрузка документа…
САРЫ-КОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 21
Кыргыз Республикасынын " Ардактуу Аксакалы” орденин жана наамын ыйгаруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Ардактуу Аксакалы" наамын жана орденин ыйгаруу тууралуу Жобосу менен таанышып, орден менен сыйлануу үчүн Сары-Коо айыл өкмөтүнө караштуу Эриктүү айылы,Алыбай көчөсү № 60 үйүнүн тургуну Осмонов Омурбектин талапкерлигин колдоп, Сары-Коо айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Ардактуу Аксакалы" ордени менен сыйлоо үчүн Сары-Коо айыл өкмөтүнүн тургуну Осмонов Омурбектин талапкерлиги бекитилсин (О. Омурбектин өмүр баяны тиркелди).
2. Сары-Коо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен, -2,5 миӊ сом (эки миӊ беш жүз) сом Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысынын буюрмасы менен бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын кезөмөлгө алуу милдети Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы Адеков Урмат Калыбековичке жүктөлсүн.
Төрага | Макеев Э. А. |