Загрузка документа…
САРЫ-КОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июлу № 28
Муниципалдык күнөскананы курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Чүй облусунун өнүктүрүү Фондунун, аймактардын социалдык-экономикасын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында проектилерди тапшыруу жана Сары-Коо айылдык кеӊешинин 23.07.2018 жылдагы жер комиссиясынын протоколунун негизинде Сары-Коо айылдык кеӊешинин депутаттары төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Коо айыл өкмөтүндө муниципалдык күнөскана курууга Эриктүү айылы № 731 контурдан, баардыгы – 10 000 м.кв. (1,0 га жер) бөлүнүп берилсин.
2. Жайыл райондук мамлекеттик каттоодон, архитектурадан, калыбына келтирип, мамлекеттик акт берүүнү өтүнүү.
3. Ушул буюрманын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы У.Адековго жүктөлсүн.
Төрага | Макеев Э. А. |