Загрузка документа…
САРЫ-КОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-сентябры № 30
Муниципалдык кызматтардын базалык реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Сары-Коо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Акматованын маалыматы менен кенен таанышып чыгып, жана КРӨ 2018-жылдын 5-февралындагы № 80 токтомунун негизинде, Сары-Коо айылдык кеӊешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Коо айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 80 токтомунун негизинде өзгөртүүлөр киргизилсин. (токтом менен тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдети Сары-Коо айыл өкмөтүнүн башчысы У.Адековго жүктөлсүн.
Төрага | Макеев Э. А. |