Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ЭЛ ДЕПУТАТТАРЫНЫН XVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ОН ҮЧҮНЧҮ СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 11-июну № 17-13/1
Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Жумуковдун Баш-Кууганды айыл аймагындагы «С. Жамгырчиев атындагы бала-бакчанын имаратын капиталдык оӊдоодон өткөрүүгө жана эгин сактоочу кампаны толук оӊдоодон өткөрүп, эгин тазалоочу жабдуу сатып алууга өздүк салымын Баш-Кууганды муниципалдык ишканасынын бюджетинен бөлүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп, Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XVII чакырылыштагы кезексиз он үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Кууганды айыл аймагындагы «С. Жамгырчиев атындагы бала-бакчанын имаратын капиталдык оӊдоодон өткөрүүгө 181669 (бир жүз сексен бир миӊ алты жүз алтымыш тогуз) сом жана эгин сактоочу кампаны толук оӊдоодон өткөрүп, эгин тазалоочу жабдуу сатып алууга 140000 (бир жүз кырк миӊ) сом Баш-Кууганды муниципалдык ишканасынын бюджетинен өздүк салым үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Баш_Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р. Жумуковго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп www.jumgalrma.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Ажыгулов |