Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы № 3
Эмгек-Талаа айыл аймагында бузуулар жөнүндө комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бузуулар кодексине ылайык Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVII чакырылыштагы кезектеги XVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгек-Талаа айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын бузуулар кодексине ылайык төмөндөгүдөй комиссия түзүлсүн:
Жапаров Кубанбек – аксакалдар сотунун төрагасы, бузуулар комиссиясынын
төрагасы
Кенешов Замирбек - айыл өкмөтүнүн адиси, комиссиянын катчысы
Мүчөлөрү:
Абдыбалиева Турсун- айылдык кенештин депутаты
Абдырасулов Нурбек- айылдык кенештин депутаты
Керимбаев Эркинбек- СООППВ төрагасы
Үсөнова Алтын- Аялдар кенешинин төрайымы
Өмүрова Нуржан- Аялдар кенешинин мүчөсү
2. Бузуулар комиссиясына Кыргыз Республикаснын бузуулар кодексине ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Кожогелдиев |