Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы № 4
Долбоорду сунуштоо жөнүндө
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын Ак-Талаа айылынын элдин маданиятка болгон кызыгуусун арттыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Бюджеттик укуктун негиздери принциптери жөнүндө» Мыйзамдарынын жоболорун жетекчилике алып, Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVII чакырылыштагы кезектеги XVII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагына караштуу Ак-Талаа айылынын айылдык клубунун чатырын ондоо үчүн жалпы сметалык баасы 382300 (үч жүз сексен эки мин үч жүз) сомдук долбоор Нарын райондук Өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысына долбоорду ишке ашыруу үчүн каралган материалдык баалуулуктарды камсыз кылуу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Кожогелдиев |