Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-февралы № 2
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын жайыт комитетинин төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгек-Талаа айыл аймагынын жайыт комитетине төлөмдөр ар бир бодо малга (ири мүйүздүү мал, жылкы, төө) жылына 50-сомдон, майда жандыка (кой, эчки) 10-сомдон болуп бекитилсин.
2. «АРИС» программасы менен келген МТЗ 82/2 трактор келишимдин негизинде Ак-Талаа айылынын тургуну Исаков Кенешбекке 1 жылдык мөөнөткө ижарага (ижара акысы 1 жылга 30000 сом) берилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Эмгек-Талаа айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Сейитбек уулу Дүйшөнбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Кожогелдиев |