Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-сентябры № 2-9-29
Кемин ш., Кызыл-Октябрь а., Кашкелен а., жашоочуларына ичүүчү сууну жеткирүүнү камсыздоо абалы жана СООППВ “Суу-Омур” тарабынын 2018 жылдын 6 айда жасалган жумушу жөнүндө
СООППВ “Суу-Омур” Кемин ш., Кашкелен а., Кызыл-Октябрь а., жашоочуларына ичүүчү суу жеткирүү боюнча тейлөө жургүзөт, абоненттердин жалпы саны-6103 алардын ичинде Кемин ш. – 4820 абонент, ишкананын иш-аракетине ичүүчү сууну үзгултүксүз жектирүү, жана суутүтүктөрүн жырып кеткенин четтетүү кирет. Ишкана отчеттук мезгилде Кемин шаарында жана борбордук трассада 7 аварийдик жырууну четтетти. 6 жырууну Кызыл-Октябрь айылында. Бозоева, Победа, Чкалова, Берикбаева жана Москва көчөлөрүндө жашоочулары менен бирге 710 метр ички суутүтүк тармактары жаңырттылды. СООППВ “Суу-Омур” берген 2018 жылдын 6 айдын ичинде жасалган иш-аракеттер жөнүндө берилген маалыматты карап чыгып жана талкуулап Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. СООППВ “Суу-Омур” 2018 жылдын 6 айында жасалган иш-аракеттер жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. СООППВ “Суу-Омур” төрагасы Ж.Исаковго:
квартал сайын финансалык талдоо жүргузүлсүн, жашоочулардан, ишканалардан, мекемелерден, менчигинин формасына карабастан каражаттарды жыйноо күчөтүлсүн;
суутүтүк тармакта жырууну жана ичүүчү суунун азаюусун четтетүү иш-чаралар оперативдүү жүргүзүлсүн;
оорулардын алдын алуу жана экспертизалоо департаментинин сапаттуу ичүүчү суу жеткирүү боюнча талаптары аткарылсын;
ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн ишкананын бүткүл техникалык каражаттарын толук бойдон талаптуулук менен тике дайындоо боюнча колдонулсун.
3. Токтомдун аткарылышы Кемин шаарынын вице-мэрине С.Б. Иманалиевге жуктөлсун.
Төрага | К. Ш. Мамыров |