Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-сентябры № 3-9-29
Кемин шаарынын калктуу пунктарынын социалдык инфраструктураларын көрктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртууну үч айлыгынын жыйынтыктары жөнүндө
Үч айлык көрктөндүрүү, санитардык тазалоо учурунда;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018- жылдын 27- февралындагы № 66-б Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын 2018 жылдагы № 54 -б
Кемин шаарынынын мэриясынын 2018 жылдагы №28 -б «калктуу пунктарынын социалдык инфраструктураларын, көрктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртуунун үч айлыгын өткөрүү жөнүндө» буйругунун негизинде 2018–жылдын 1-мартынан 31-майына чейин үчайлык жарыяланган.
Үч айлыктын жүрүшүндө Кемин шаарын көрктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртуу боюнча төмөндөгү иш-чаралар аткарылды:
Шаардын аймагында жайгашкан 46 – мекемеден үч айлыктын жүрүшүндө, 605 –ден ашык адам ишембиликке катышып, мекеме, уюмдардын айлана чөйрөсү тазаланып бак-дарактары акталып, жаңы көчөттөр менен толукталып отургузулду.
2018- жылдын жаз айларынын башында эле жашылдандыруу иштери башталып, мэрия тарабынан жана ГПП « Чон-Кемин» паркы тарабынан алынган ар кандай бак-дарактардын көчөттөрү, тактап айтканда; 12 түп туя, 15 вишня, 20 слива, 45 черемуха, можевельник 73, Лох серебристый, 25 катальпа, 40 өрүк, жана 280 терек, ар кандай сорттогу 560 түпкөчөттөр отургузулуп, 53150 сомду түздү.
Ал эми үч айлыктын жүрүшүндө, санитардык тазалоо боюнча күнүнө 4-тоннадан 12- тоннага чейин таштандылар чыгарылып турду. Баардыгы болуп үч айлыкта 342 тоннага жакынташтандычыгарылды.
Бүгүнкү күнгө тазалоо иштерине сарпталган акча каражаты 353,0 миң сомду түздү жан асанитардык тазалоо иштери ар күнү токтоосу зжүргүзүлүп турат.
Шаар ичиндеги таштандыларды көчөлөрдү кыдырып ташыпкетүү максатында, график түзүлүп, графиктин негизинде ар жуманын биринчи күнүнөн ишемби күнүнө чейин саат 9 оо 18оо чейин алынат:
Маалыматты угуп жана талкуулап, Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин шаарынын калктуу пунктарынын социалдык инфраструктураларын көрктөндүрүү,санитардык абалын жакшыртуунун үч айлыгы боюнча жүргүзүлгөн жумуш жетишсиз деп эсептелсин.
Кемин шаарынын мэриясы:
- Жашылдандыруу максатында шаар ичинде, өзгөчө Караколский көчөсүндөгү жайгашкан бак-дарактардын:
- өсүп өнүгүшүнө көрктөндүрүү бөлүмү тарабынан туруктуу көзөмөлгө алынсын;
- «Перевалбаза» таштандыларды чогултуу жайы көзөмөлгө алынсын;
- шаар ичиндеги сугат арыктары, суу тосмолору, көпүрөлөр тендердеги белгиленген иштерин 30 күндүн ичинде аягына чыгып, туура иш калбына келтирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы шаардын вице-мэри С.Б. Иманалиевке жуктөлсүн.
Төрага | К. Ш. Мамыров |