Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-сентябры № 5-9-29
Кемин шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону, Кемин шаарынын муниципалдык менчигинде турган унаа каражаттарын сатуу жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Кемин шаарынын муниципалдык менчигиндеги турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча тартибин аныктоо, жана Кемин шаарынын муниципалдык менчигинде турган унаа каражаттарын сатуу тартибин аныктоо максатында. Кемин шаардык кеңешинин онөр жай, транспорт, курулуш жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2018 жылдын 24 августунан №1 оң натыйжа корутундусун эске алып. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018 жылдын 6 апрелинен № 01-18-41 буйругун эске алып. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31 беренесинин, 2 пунктунун, 5 пунктчасын, жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” 19 беренесинин, 2,7 абзацтарын жетекчиликке алып Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин шаарынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кемин шаарынын муниципалдык менчигинде турган унаа каражаттарын сатуу жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Кемин шаарынын мэрине С.С. Досовго жуктөлсун.
Төрага | К. Ш. Мамыров |