Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-сентябры № 6-9-29
«Кемин келечеги» коомдук фондунан каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө
Кемин шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында, Кемин шаарынын мэри С.С. Досов берген төмөнкү маалыматтарды угуп:
- «Акылай» бала бакчасына дубал орнотуу жөнүндө; - Кемин шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматчыларына орундук жана олпок отургуч алуу кереги жөнүндө; - Кемин шаарынын көчөлөрүнө жаңы жарык кылуучу шаймандарды алуу жана орнотуу жөнүндө ; - мэриянын имаратындагы чогулуш өткөрүлүүчү залын оңдоо жана жабдуулар алуу жөнүндө; - Кемин шаарынын борбордук мечитине килем алуу жөнүндө (жамааттын кайрылышынын негизинде); - «Hyundai Porter» маркасында дубль-кабиналык жеңил жүк ташуучу унаа жөнүндө; Депутаттар ой пикири менен алмашып жана талкуулап, Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КФ «Кемин-Келечеги» каражаттарынан төмөнкү иш-чараларга, тийиштуу каражаттар бөлүнүп берилсин:
- «Акылай» бала бакчасына дубал орнотууга – 300 000 сом;
- Кемин шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматчыларына орундук жана олпок отургуч алууга – 102 900 сом;
- Кемин шаарынын борбордук мечитине килем алууга – 120 000 сом;
- Кемин шаарынын көчөлөрүнө жаңы жарык кылуучу шаймандарды алуу жана орнотууга – 50 000 сом;
- мэриянын имаратындагы чогулуш өткөрүлүүчү залын оңдоо жана жабдуулар алууга – 370 000 сом;
- «Hyundai Porter» маркасында дубль-кабина жеңил жүк ташуучу унаа алууга – 400 000 сом;
Төрага | К. Ш. Мамыров |