Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
от 2018-жылдын 20-ноябры № 2-10-29
Кемин шаарынын уюмдары, мекемелери жана калкы 2018-2019 жылдардын кышкы жылытуу сезонуна даярдык көрүүнүн жүрүшү жөнүндө
Кемин шаарынын мэриясы тарабынан «О ходе подготовки к зимнему отопительному периоду 2018-2019 годов организаций, учреждений и населения города Кемин» берилген маалыматты угуп. Депутаттар талкуулооп жана пикир алмашып Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин шаары тарабынан берилген «О ходе подготовки к зимнему отопительному периоду 2018-2019 гг. организаций, учреждений и населения города Кемин» маалымат эске алынсын;
2. Кемин шаарынын мэриясына:
-шаардын уюмдары, мекемелери, жана калкы кышкы жылытуу сезонун ийгиликтүү өтүү үчүн бүткүл зарыл чаралар көрүлсүн;
- калкка сапаттуу көмүр сатып алуу үчүн бардык жерде жардам көрсөтүлсүн, жана ташып жеткирүүчүлөр аркылуу даректик жеткирүү уюштурулсун.
3. Кемин шаарынын жалпы билим берүү мектептердин жана мектеп жашына чейинки уюмдардын жетекчилери электрэнергияны үнөмдөө үчүн, жана имарат ичинде температуралык режимди сактоо үчүн эшик жана терезелерди жылуулоо боюнча иштерди жүргүзсүн.
4. Мэриянын жооптуу жумушчулары жана кварталдык комитеттердин төрагалары өз убагында катуу отун даярдоо жана көп кабаттуу үйлөрдүн подвалдарында жайгашкан суутүтүк жана канализациялык трубаларды жылуулоо жөнүндө элдин арасында өткөрүлүп жаткан түшүндүрүү жумушту улантсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышы Кемин шаарынын мэрине С.С. Досовго жүктөлсүн.
Төрага | К. Ш. Мамыров |