Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-ноябры № 5-10-29
Кемин шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарын кайра бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109 беренесинин негизинде, жана Кемин шаардык кеңешинин бюджет жана финансы комиссиясынын бөлүк жана беренелер боюнча каражаттарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө 2018 жылдын 16 ноябрынан корутундусун эске алып. Депутаттар талкуулап жана пикир алышып Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акча каражаттар лимити квартал сайын кайра бөлүштүрүлсүн:
Бөлүк 70921 «Орто мектебтер» берене 2224 «Катуу отун сатып алуу» 116,8 миң сомго азайтылсын, ал каражаттар 16,0 миң сом 22154900 «Башка тейлөөлөр» беренесине Кемин шаарынын №1 мектебинин төрт мугалимине коммуналдык тейлөөгө компенсация төлөөгө 4,0 миң сомдон кайра бөлүштүрүлсүн;
Бөлүк 70911 «Бала бакчалар» берене 2224 «Катуу отун сатып алуу» 99,2 миң сомго азайтылсын, ал каражаттар 22221100 «Анчалык баалуу эмес бат эскирген заттарды алуу» беренесине «Акылай» бала бакчанын 3 группасына 8 килем жана жолчо сатып алууга 100,0 миң сом кайра бөлүштүрүлсүн;
Бөлүк 70629 «Туракжай-коммуналдык чарба» берене 22154900 «Башка тейлөөлөр» Кемин шаарынын ичиндеги жолдорду себүүгө көбөйтүлсүн
2. Бул токтомдун аткарылышы ФЭБдин башчысынын м.а. А. Ботбаевага жүктөлсүн.
Төрага | К. Ш. Мамыров |