Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-ноябры № 6-10-29
«Кемин келечеги» коомдук фондунан акча каражаттарды бөлүп берүү жана спорттук комплекс куруу үчүн жер участогун жана долбоордук документтерди дайындоо жөнүндө
Кемин шаардык кеңешинин төрагасынын Кемин шаарынын аймагында спорттук комплекс куруу кереги боюнча демилгесин угуп чыгып. Каржылоо боюнча, долбоордук документтерди даярдоо боюнча жана спорттук комплексти курууга жер участогун издеп табуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып. Депутаттар талкуулап жана пикир алышып Кемин шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Спорттук комплексти курууга долбоордук документтерди даярдоо үчүн «Кемин келечеги» коомдук фондунан 100 000 сом акча каражаттар бөлүнсүн;
2. Кемин шаарынын мэриясы:
- спорттук комплексти куруу үчүн АПШ, ИТШ, ДСД, жана башка керектүү документтерди даярдасын;
- спорттук комплекс куруу үчүн мөөнөтсүз пайдалануу укугунда жер участокту мыйзам менен белгиленген тартипте издеп тапсын;
3. Бул токтомдун аткарылышы Кемин шаарынын мэрине С.С. Досовго жүктөлсүн.
Төрага | К. Ш. Мамыров |