Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 2-11-29
Кемин шаарынын ыктыярдуу элдин кошуунун, коомдук алдын алуу борборунун, аксакалдар сотунун жана Кемин шаарын тейлеген аймактык тескөөчүлөрдүн 2018 жылдын 11 айынын аралыгындагы аткарылган иштери жөнүндө
Кемин шаарынын аксакалдар сотунун жана Кемин шаарын тейлеген аймактык тескөөчүлөрдүн 2018 жылдын 11 айынын аралыгындагы аткарылган иштери боюнча берилген маалыматын карап чыгып депутаттар пикир алмашып жана талкуулооп Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн коомдук алдын алуу борборунун, Кемин шаарынын ыктыярдуу элдик кошуунун, аксакалдар сотунун жана Кемин шаарын тейлеген аймактык тескөөчүлөрдүн 2018 жылдын 11 айынын аралыгында аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын жана аткарган иштери жөнүндөгү маалымдамасы эске алынсын;
2. Кемин РИИБнүн Кемин шаарына бөлүнгөн аймактык тескөөчүлөрү
-аймактык тескөөчүлөрү, коомдук алдын алуу борборуну, аксакалдар соту, аялдар кеңеши, коомчулук менен тыгыз байланышта иш жүргүзсүн;
- шаар ичинде коомдук жайларда кечки саат 18:00 түнкү 24:00 чейин кайгуул-күзөт жүргүзүп, кылмыштуулуктун алдын алуу иштер улантылсын;
3. Кемин шаарынын мэри С.С. Досов:
- жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иштер уюштурулуп, компютердик клубдардын түнкү иш убактысын жана соода түйүндөрүндө жаш өспүрүмдөргө тамеки, спирттик ичимдиктерди сатуу фактыларын текшерүү боюнча иштери күчөтүлсүн.
- шаардын көчөлөрүндө, коомдук жайлар дайыма жарык менен камсызданылсын;
4. Бул токтомдун аткарылышы шаардын мэри С.С. Досовго жүктөлсүн.
Төрага | К. Ш. Мамыров |