Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018 жылдын 25 декабры № 3-11-29
Кемин шаарынын мэриясы тарабынан балдардын укугун сактоо боюнча аткарылган жумушу жана “Кыргыз Республикасында кедейликти азайтуу кызыкчылыгында социалдык мобилизация” боюнча комиссиясы 2018 жылында аткарган жумушу жөнүндө
Кемин шаарынын мэриясы тарабынан балдардын укугун сактоо боюнча аткарылган жумушу жөнүндө жана Кыргыз Республикасында кедейликти азайтуу кызыкчылыгында социалдык мобилизация боюнча комиссиясы 2018 жылында аткарган жумушу жөнүндө маалыматты карап чыгып. Депутаттар талкуулап жана пикир алышып. Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин шаарынын мэриясы тарабынан балдардын укугун сактоо боюнча аткарылган жумушу жөнүндө жана Кыргыз Республикасында кедейликти азайтуу кызыкчылыгында социалдык мобилизация боюнча комиссиясы 2018 жылында аткарган жумушу жөнүндө берилген маалымат эске алынсын;
2. Мэр С. С. Досов:
- «Жеке кол тийбестикке балдардын укугун жүзөгө ашыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 25 февралынан №4811-V токтомунун талаптарын милдеттүү түрдө аткарсын;
- График боюнча шаардык ата-энесинен кароосуз калган балдарга барып келүү боюнча рейддерге катышсын.
3. Мэриянын жооптуу кызматчыларына Р.С. Дуйшеевага:
- орто мектебтердин социалдык педагогторунан «ата-энесинен жана үй-бүлөсүнөн кароосуз калган балдар менен, мигранттардын балдары менен жүргүзүлүп жаткан жумушу жөнүндө» отчет кабыл алсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы Кемин шаарынын мэри С.С. Досовго жүктөлсүн.
Төрага | К. Ш. Мамыров |