Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 6-11-29
«Кемин келечеги» коомдук фондунан каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө
Кемин шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында, Кемин шаардык кеңешинин төрагасы К.Ш. Мамыровдун спорттук тренажер керектиги боюнча демилгесин угуп. Жана Кемин шаарынын мэри С.С. Досов берген төмөнкү маалыматтарды угуп:
- Нур айылынын маданият үйүнүн чатырын оңдоо кереги жөнүндө; - СООППВ «Суу-Омур» экскаваторун оңдоо кереги жөнүндө; - «Акылай» бала бакчасына суужылыткычтарды сатып алуу кереги жөнүндө ; - Мурда бөлүп берилген каражаттар жетишпегендиктен, тендерге катышууга табыштамамар жок болгондуктан «Hyundai Porter» маркасында дубль-кабиналык жеңил жүк ташуучу унаа сатып алууга кошумча 200 000 миң сом каражаттарды бөлүп берүү кереги жөнүндө; Депутаттар талкуулап жана пикир алышып Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кемин келечеги» коомдук фондунун каражаттарынан төмөнкү иш-чараларга, тийиштуу каражаттар бөлүнүп берилсин:
- Нур айылынын маданият үйүнүн чатырын оңдоого – 160 000 сом;
- СООППВ «Суу-Омур» экскаваторун оңдогонуна– 180 000 сом;
- «Акылай» бала бакчасына суужылыткычтарды сатып алууга – 50 000 сом;
- «Hyundai Porter» маркасында дубль-кабина жеңил жүк ташуучу унаа алууга – 200 000 сом;
- Спорттук тренажерлорду алууга – 460 000 сом;
Төрага | К. Ш. Мамыров |