Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 7-11-29
Кемин шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарын кайра бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109 беренесинин негизинде, жана Кемин шаардык кеңешинин бюджет жана финансы комиссиясынын бөлүк жана беренелер боюнча каражаттарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө 2018 жылдын 24 декабрынан корутундусун эске алып. Депутаттар талкуулап жана пикир алышып Кемин шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акча каражаттар лимити квартал сайын кайра бөлүштүрүлсүн: Бөлүк 70629 «Туракжай-коммуналдык чарба» берене 22154900 «Башка тейлөөлөр» күтүлбөгөн сарптоо 100,0 миң сомго азайтылсын, ал каражаттардан кароосуз айбандарды атууга 20,0 миң сом, Кемин шаарынын мэриясынын буу казанын оңдогонуна 80,0 миң сом бөлүнсүн.;
2. Бул токтомдун аткарылышы ФЭБдин башчысынын м.а. А. Ботбаевага жүктөлсүн.
Төрага | К. Ш. Мамыров |