Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 8-11-29
Кемин шаарынын бузуулар жөнүндө комиссиясын түзүү жана анын сандык жана персоналдык курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 313 беренесинин, 3 бөлугүнун, 5 абзацынын негизинде жана Кемин шаарынын мэриясынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобонун 2 пунктун жетекчиликке алып. Депутаттар талкуулап жана пикир алышып Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кемин шаарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы түзүлсүн.
2. Кемин шаарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын сандык жана персоналдык курамы төмөндөгүдөгүдөй көрсөтүлгөн курамында бекитилсин:
- Иманалиев С.Б. – Кемин шаарынын вице-мэри;
- Апбасов А. – Кемин шаарынын мэриясынын башкы адиси-юрист;
- Дюшеева Р.С. – Кемин шаарынын мэриясынын башкы адиси;
- Касмалиев С.Дж. – Кемин шаардык кеңешинин депутаты;
- Нурсеитов У.М. – Кемин шаардык кеңешинин депутаты;
- Сатаров А.Ж. – Кемин шаардык кеңешинин депутаты;
- Курманалиев С.А. – жарандык коомдун өкүлү.
3. Бул токтомдун аткарылышы Кемин шаарынын мэри С.С. Досовго жүктөлсүн.
Төрага | К. Ш. Мамыров |