Загрузка документа…
КЕМИН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 9-11-29
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү келишимин бекитүү жөнүндө
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү келишиминин шарттарын карап чыгып. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5 беренесинин, 3 бөлүгүн жетекчиликке алып. Талкуулап жана пикир алышып Кемин шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Кемин шаарынын мэри С.С. Досовго жүктөлсүн.
Төрага | К. Ш. Мамыров |