Загрузка документа…
М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-марты № 73
Чолпон- Ата айыл өкмөтүнүн 2019- жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Чолпон- Ата айыл өкмөтүнун 2019- жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Н Күкүевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон- Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана топтоонун көлөму № 1- тиркеменин негизинде 2019- жылга атайын каражатты кошкондо 6653,0 мин, тендөө гранты 7827,5 мин, жалпы 14480,5 мин өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо Чолпон- Ата айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Чолпон- Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша 14480,5 мин өлчөмүндө бекитилсин. Эң биринчи кезекте Кыргыз Республикасы тарабынан корголгон беренелерине: эмгек акы, соц фонд төлөмдөрүнө, коммуналдык чыгымдарына жумшалаары белгиленсин.
3. Кыргыз Республиксынын бюджет Кодексинин 24- беренесинин негизинде, жалпы бюджеттин чыгымдарынын коломунун 1 пайызга чейинки, же болбосо 145,0 мин олчому Чолпон- Ата айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
4. Чолпон- Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин негизги эсединде 2019- жылдын 1- январь айына карата калган калдык- 1386,8 мин сом акча каражаты № 3- тиркемеге ылайык жумшалаары белгиленсин.
5. Чолпон- Ата айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсебиндеги 2019- жылдын 1- январь айына карата калган калдык- 2061,5 миң сом акча каражаты № 4- тиркемеге ылайык жумшалаары белгиленсин.
6. Чолпон- Ата айылдык Кеңешинин төрагасына «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» Мыйзамынын 33- беренесинин 5- бөлүгүнө жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук Агенттигинин 2013- жылдын 15- январь айындагы № 04- 24\4- 1- буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.
7. Жогорудагы бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык Кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туру жагы, Чолпон- Ата айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Н Кукуевке милдеттендирилсин.
8. Бул Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдыык Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Т. Тургунбаевке милдеттендирилсин.
9. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага | С. Кылданов |