Загрузка документа…
М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-марты № 75
“ Алатай” жаратылыш паркынын аймагындагы жайыттарга ижара акыны жана ижарага берилүүчү жерлерге тарифтерди талкуулап жөнгө салуу жөнүндө
“ Алатай” жаратылыш паркынын аймагындагы жайыттарга ижара акыны жана ижарага берилүүчү жерлерге тарифтерди талкуулап жөнгө салуу боюнча М.Абдылдаев айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт акы 2019-жылга төмөндөгүдөй тарифтик баада белгиленсин.
Бир башка бир айга:
Жылкыга жана бодо малга 30 сом
Бир жашка чейинки кулунга жана торпокко -15 сом
Койго -5 сом
Козуга – 2 сом 50 тыйын.
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жериндегиижара акылар төмөндөгүдөй тарифте белгиленсин.
Чоп чабындыга -0,01га учүн 4 сом
Жашылдандырууга -0,01га үчүн -2 сом
Айдоо жерлерге 0,01га үчүн -30 сом
Бир палатка же боз үй тиккенге -50 сом
Бал аарысы бар ар бир ящикке -50 сом
Бал сатуу -1килоограммы 100 сомдон кем эмес баада.
Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерине кирген
Жүк ташуучу автомашина жана автобуска -100 сом
Жеңил автомашинага - 50 сом
2. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага | С. Кылданов |