Загрузка документа…
М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-марты № 76
Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча М.Абдылдаев айылдык кеңеши талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Тектир айылынын тургуну Мамасалиев Сакынга көп жылдык үзүрлүү эмгеги эске алуу жөнүндөгу Ак-Тектир айылынын тургундарынын сунушу эске алынып, Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнун “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Турдалиев Турдукулга Чолпон-Ата айыл аймагынын өсүп өнүгүшү учун ар дайым колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы жана Афган согушунун ардагери экендигин эске алуу жөнүндөгу Ак-Тектир айылынын тургундарынын сунушу эске алынып, Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
3. Алымбеков Турсунга-Кыргыз Республикасынын Сот ардагерлер аксакалдарынын төрагасы.
Чолпон-Ата айыл аймагынын өсүп өнүгүшү үчүн ар дайым колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы ,андагы элдин жашоо шартын жакшыртууга кошкон зор салымы жөнүндөгү Мазар-Суу айылынын тургундарынын сунушу эске алынып, Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнун “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын
4. Караева Зина Караевнага-Филология илимдеринин доктору,профессор.Көп жылдык үзүрлүү эмгеги ,жаштарды тарбиялоодогу алгылыктуу демөөрчүлүк иштерин эске алуу жөнүндөгу Мазар-Суу айылынын тургундарынын сунушу эске алынып, Чолпон-Ата айыл аймагы –өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
Ошондой эле “Токтогул районунун ардактуу атуулу” наамын беруу жагы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
5. ”Ардактуу атуул” наамы жалпы жыйналышта,даталуу күндө салтанаттуу тапшырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамбетовго тапшырылсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө М.Абдылдаев айылдык Кеңешине тапшырылсын
8. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага | С. Кылданов |