Загрузка документа…
М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-марты № 82
Чолпон-Ата айылында жашылча сактоочу жайда көп жылдан бери сакталып чирип бара жаткан жыгач тактайлар жөнүндө
Чолпон-Ата айылында жашылча сактоочу жайда көп жылдан бери сакталып чирип бара жаткан жыгач тактайлар боюнча А.Асакеевтин билдирүүсүн М.Абдылдаев айылдык кеңеши угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата айылында жашылча сактоочу жайда көп жылдан бери сакталып, чирип бара жаткан жыгач тактайлар жана башка материалдар Чолпон-Ата айылынын спорт зал куруу үчүн сатылып же курулуш материалы катары пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Курулуш материалдарын сатууда тиешелуу мыйзамдарды толук сактап сатуу Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага | С. Кылданов |