Загрузка документа…
М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-марты № 83
Чолпон-Аяяяяяяяяята айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси А.Асакеевдин билдирүүсү жөнүндө
А.Асакеевтин билдирүүсүн М.Абдылдаев айылдык кеңеши угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунун жерлерин атуулдарга ижарага берүү ижара акылары боюнча Чолпон-Ата айылдык кеңешинин 24.12.2015-жылдагы 17-сессиясынын № 7 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Чолпон-Ата айыл аймагынын айыл жерлеринин мамлекеттик фонддун жерлерин ижарага берүү жана аукциондук өткөрүү баштапкы баасынын өлчөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин.
3. 1.Барчын 1 га 1000 сом
2.Имерилиш 1 га 3000 сом
3.Беш-Сарай 1 га 3000 сом
4.Тенечим 1 га 1000 сом
5.Чар-Кайын 1 га 1000 сом
6. Шанек 1 га 1000 сом
7.Бел аукциондук баштапкы баасы 3000 сом
8.Соц обьектилерге калтырылган жерлерге аукциондук баштапкы баасы 3000 сом
9.Жаргылчакты 1 га 1000 сом
10.Ак-Талаа 1 га 500 сом
11.Көпүрө башы 1га 500 сом
12. Үрөөнчулук фондтун жерлери -1000 сом өлчөмүндө ижара акылары бекитилсин. Өздөштүрүп пайдаланылган жерлердин ижара акылары тиешелүү аймактарга карата бекитиет. Айыл аймагынын каттоосунда турбаган жактарга жердин ижара акысы 50% ке көбөйөт.
4. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага | С. Кылданов |