Загрузка документа…
М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-апрели № 88
КР Президентинин 2019-жылды “ Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыялоо жөнүндө жарлыгын турмушка ашыруу боюнча маданият кызматкерлеринин аткарып жаткан маалыматы жөнүндө
Айыл аймагындагы маданият кызматкерлеринин маалыматын М.Абдылдаев айылдык кеңеши угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР Президентинин 2018-жылды “ Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыялоо жөнүндө жарлыгын турмушка ашыруу боюнча маданият кызматкерлеринин аткарылып жаткан иштери боюнча маданият кызматкерлеринин берген маалыматы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Маданият кызматкерлеринин иштеген иштеринде көптөгөн иш чаралар өткөрүлүп, элге жакшы кызмат өтөп жаткандыгы белгиленсин.
3. Бул токтом Cholpon-ata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага | С. Кылданов |