Загрузка документа…
М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-апрели № 90
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн каражатты бөлүп берүү жөнүндө
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн каражатты бөлүп берүү боюнча М.Абдылдаев айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн каражаттын эсебинен Кара-Күнгөй айылынын Т.Жаманкулов атындагы орто мектебинин аш канасынын ремонту үчүн 250 000 ( эки жүз элү миң) сом Мазар-Суу айылынын Жоомарт атындагы орто мектебинин ашканасына жана компасынын ремонту үчүн 240 000 ( эки жүз кырк миң ) сом жана Ак-Тектир айылынын ФАПынын ремонт иштерине 55 000 ( элү беш миң) сом акча каражаты Чолпон-Ата айыл өкмөтү тарабынан бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон-Ата айыл өмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом Cholpon-ata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага | С. Кылданов |