Загрузка документа…
М. АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-апрели № 92
Мазар-Суу айылында курулуп жаткан машыктыруучу залга Күкүев Байботонун ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө
Чолпон-Ата айыл аймагына караштуу Мазар-Суу айылындагы курулуп жаткан машыктыруучу залга Күкүев Байботонун ысымын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндөгү Мазар-Суу айылынын тургундарынын 25.04.2019-жылкы жалпы элдик чогулушунун № 5 протоколунун токтомун талкуулап М.Абдылдаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чолпон-Ата айыл аймагына караштуу Мазар-Суу айылындагы курулуп жаткан машыктыруучу залга Күкүев Байботонун ысымы ыйгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы М.Абдылдаев айылдык Кеңешине тапшырылсын
3. Бул токтом Cholpon-ata.сom сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
Төрага | С. Кылданов |